Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөгө кандайдыр бир нерсеге же ишке келтирилген кесепет, залал, бузулууга чыгымга ж. б. кириптер болгондук, тескери таасир. Чочубаңыздар, биз мусапыр, эч кимге зыяныбыз жок (Жантөшев). Орой киши урушуп, зыян тартат касынан (Осмонкул). Куубай карма тойгон койго зыян деп, Койчу турат койду таштай имерип (Осмонкул).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЗЫЯН КЕЛТИРГЕН ЖЕРДИН МЫЙЗАМЫ (lex loci delicti commissi ) – аймагында зыян келтирилген мамлекеттин укугу колдонулуучу бекитүү формуласы. Мындай коллизиялык байламта сыпаа милдеттенмелерди иреттештирүүчү укукту тандоо үчүн колдонулат. Эларалык туризмдин жана эларалык унаа аткарымдарынын өсүшү чет өлкөлүк элементтер менен татаалдашкан сыпайы милдеттенмелердин санын арттырып, бул формуланын пайдалануу чөйрөсүн кеңейтет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЗЫЯН КЕЛТИРҮҮ НАТЫЙЖАСЫНДАГЫ МИЛДЕТТЕНМЕ – милдеттенмелик укуктун негизги институттарынын бири, жарандык-укуктук жоопкерчиликтин түрү. КР жарандык мыйзамдарына ылайык инсанга же жарандын мүлкүнө келтирилген зыян, ошондой эле, юридикалык жакка келтирилген зыян, зыян келтирген адам тарабынан толук өлчөмдө калыбына келтирүүгө жатат. Мыйзам менен зыянды калыбына келтирүү милдети зыян келтирүүчү болбогон адамга жүктөлүүсү мүмкүн. Мыйзам же келишим менен зыян келтирүүчүгө зыяндан ашыкча компенсация төлөө милдети белгилениши мүмкүн. Зыян келтирген адам, эгер келтирилген зыян анын күнөөсү менен эмес экенин далилдей алса, ал зыянды төлөп берүүдөн бошотулат. Зыян келтирүүчүнүн күнөөсү жок болгондо да, мыйзам аркылуу келтирилген зыянды калыбына келтирүү каралуусу мүмкүн. Укук негиздүү аракеттер менен келтирилген зыяндар мыйзамда каралган шарттарда калыбына келтирилет. Эгер келтирилген зыяндар жабырлануучунун өтүнүчү же макулдугу менен болсо, ал эми зыян келтирүүчүнүн аракеттери коомдун адеп-актык принциптеринен бузбаса, зыяндарды калыбына келтирүүдөн баштартылышы мүмкүн.